Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

Өкмөт мектеп рэкетчилигин талкуулайт


Бүгүн түштөн кийин өкмөт жыйынга чогулуп, айрым социалдык-экономикалык маселелерди талкуулайт. Күн тартибинде мектеп рэкетчилиги менен күрөшүү маселеси да бар. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Билим жана илим министри Канат Садыков бүгүн Басма сөз күнүнө карата журналисттерди куттуктап жатып бул маселеге да токтолуп өттү. Анын айтымында, мектептеги рэкетке жетим балдар көп тартылууда. Соңку маалымат боюнча, жетим, жарым жетим, ата-энесиз өсүп жаткан балдардын саны азыр 200 миңге чамалап калды. Жалпысынан, министрдин айтымында, билим берүү тармагына тиешеси бар кыргызстандыктардын саны 1,5 миллионду түзөт. Алардын 1 миллион 200 миңи мектеп окуучулары, калганы мугалимдер жана студенттер. (BuS/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG