Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:04

Казакстандын түрмөлөрүндө 300дөй кыргызстандык камалып жатат


Казакстандын түрмөлөрүндө бүгүнкү күндө 300гө жакын кыргызстандык жаран камакта жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" экс-акыйкатчы Турсунбек Акун кабарлады. Ал ушу тапта өз ыктыяры менен кыргызстандыктар жазасын өтөп жаткан түрмөлөрдү кыдырып, алардын ал-абалын сураштырууда. Алыс жактагыларды Кыргызстанга жакын облустардын абактарына которуу маселесин элчилик жана Казакстандын прокуратура, жаза аткаруу кызматтары менен талкуулоодо. Акундун айтымында, Казакстанда камакка алынгандардын дээрлик көпчүлүгү маңзат ташыганы үчүн эркинен ажыраган. (KE/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG