Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Каза болгон аскерлердин энелери нааразы


Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын “Азаттыкка” айтымында, соңку 11 айда 21 аскер армияда каза тапкан. Расмий версия боюнча, алардын көбү өз жанын кыйган.

Кайыргүл Канатбекованын Коргоо министрлигинин алдында кызмат өтөп жаткан баласы Эркинбек уулу Эрлан үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкектеги үйлөрдүн биринде асынып алган. Ал каза болор алдында “менин өлүмүмө эч кимдин күнөөсү жок, силердин үмүтүңөрдү актай албай калдым” деген таризде кат жазып кеткен.

Эрландын ата-энеси баласынын өлүмүнө байланыштуу тергөө иштери да, соттук экспертиза да тиешелүү деңгээлде жүргөн эмес деп эсептейт.

- Күнөөлүү адамдар табылбаса же жазасын албаса. Кээ бирөөбүздүн жалгыз балабыз болчу. Анан балабыздан айрылып эле отуруп калабызбы? Биздин балдарыбыздын иши, тергөө амалдары өз деңгээлинде жүргөн эмес. Буга канааттанбайбыз, иш жөн эле жабылып эле калып атат. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына да макул эмеспиз. Колунун сынганы, бөйрөгү ооруп жатканы тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Балдарыбызды армияга жөнөткөндөн кийин мамлекет алардын коопсуздугун камсыздап берсе. Биздин сунуш - аскер бөлүктөрү ачык болуп, ата-энелер, жарандык коомдун өкүлдөрү кирип, байкоо жүргүзгөнгө шарт түзүлсө.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын “Азаттыкка” айтымында, соңку 11 айда 21 аскер армияда каза тапкан. Расмий версия боюнча, алардын көбү өз жанын кыйган.

- Жигиттерди алып кетип жатканда мамлекет тарабынан балдардын коопсуздугу, өмүрү сакталат, булар кыйноого кабылбайт, буларды эч ким уруп-сокпойт, тирүү ата-энесинин колуна кайтып келет деген эч кандай кепилдик жок. Тынч заманда, согушу жок, тынч отурган убакта 11 айда 21 баланын каза болушу абдан чоң проблема. Ар бир каза болгон, майып болуп келген учур боюнча, ар бир окуя боюнча кенен териштирүүлөр жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек.

Тергөөнүн калыс өтүшүн талап кылган ата-энелерди 5-ноябрда вице-премьер-министр Токон Мамытов кабыл алды. Алар өкмөткө жана парламентке кайрылып, өз талаптарын билдиришти. Ошондой эле уулунан айрылган үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан тиешелүү көңүл бурулбай жатканын айтышты.

2011-жылдын 8-декабрында Бишкек гарнизонунун 41069-аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн 31 аскердин 15и качып кеткен.
2011-жылдын 8-декабрында Бишкек гарнизонунун 41069-аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн 31 аскердин 15и качып кеткен.
Эксперттер Кыргызстан армиясында “дедовщина” көрүнүштөрү жоюлбаганын белгилеп келишет. Армияга мурда келгендер кийинкилерин уруп-согуп, ар кандай жолдор менен кыйнаган видеолор буга чейин интернетке бир нече ирет чыккан.

Ал эми Аида Курманалиеванын иниси, Беловодск айылындагы №16 түзөтүү мекемесинде аскердик милдетин өтөп жаткан катардагы жоокер Темирлан Сапар уулу үстүбүздөгү жылдын 10-январында өзүн өзү жүрөккө атып мерт болгон. Бирок Курманалиева өзүн өзү атты дегенге ишенбейт. Эми Темирландын туугандары тергөө кайрадан жүргүзүлсүн деп талап кылушууда.

- Бир эле жыйынтыкка келип, өзүн өзү өлтүрдү деп ишти жаап койгонго биз каршыбыз. Биз өкмөт компенсация төлөсүн, аскер бөлүктөрү реформалансын, ал эми тергөө иштери кайрадан жанданып, изилденип күнөөлүүлөр жазалансын деген маселени көтөрдүк. Өзүн өлтүрдү деп тим болбой, ошого ким алып барды, эмне себеп болду ошону аныктасын. “Адамды өлүмгө алып барды” деген беренени козгошсун. Бул берене дегеле Кыргызстанда иштебейт экен.

“Аскерлердин энелери” коомдук бирикмесинин жетекчиси Галина Афонина армияда каза болгон балдардын саны өсүүдө дегенге кошулбайт. Ал айрым ата-энелер бул маселени көбүртүп-жабыртып жатат деген ойдо. Ал эми Аскер прокуратурасынын Тергөө бөлүмүнүн башчысы Асылбек Малаевдин айтымында, 2012-жылы 10 аскер өз жанын кыйса, быйыл тогуз айда ушундай 7 учур катталып, үч бала өз жанын кыйганга аракет кылган. Жалпысынан бул жылы алты кылмыш иши козголгон.

- Бүт күнөөлүү кишилердин бардыгы жоопкерчиликке тартылды. Биздин ишибиз жүрүп атат. Албетте ушундай фактылар болгон эле кызматкерлер чыгышат, тергөөгө чейинки амалдарды жүргүзүшөт, эмне болгонун текшеришет. Экспертиза дайындалат. Ал эми Эркинбек уулу боюнча, ал туугандарынын үйүндө ажатканада асынып өлгөн. Ал кат жазып кеткен. Анын тексти мындай: “чоң мама, мени кечирип коюңуздар. Эч кимде күнөө жок, эч нерсе болгон жок. Күнөө өзүмдө, жакшы калгыла. Берген антыма турган жокмун” деп, - жазган. Бул боюнча экспертиза өткөн, бул кат өз колу менен жазылган деп айтылган. Бирок башкача психикалык-физикалык абалда болгон деп айткан. Анан кантип эле биз текшербей койолу?

Малаевдин айтымында, армияда өз жанын кыюу же өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылгандардын себептери ар кандай. Ага “дедовщина”, үй-бүлөдө проблемалар да себеп болушу мүмкүн. Укук коргоочулар болсо аскерлердин өлүмү боюнча маалыматтар көп учурда жаап-жашырылып, ачыкка чыкпайт дешет. Ошондуктан укук коргоочулар, ата-энелер жана эксперттер армияны реформалап, андагы абалды ичинен билип, байкоо салууга ураксат берүүнү өтүнүп жатышат.

XS
SM
MD
LG