Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Митровицада кайра шайлоо өтөт


Косовонун Борбордук шайлоо комиссиясы Митровица шаарынын 3 районунда кайра добуш берилээрин жарыялады. Анын мөөнөтү кийинчирээк такталмакчы. Өткөн жекшембиде ал жердеги 3 участокко белгисиз адамдар кол салып, шайлоо үзгүлтүккө учураган. Аймакта сербдер үстөмдүк кылат. Түндүктөгү дагы 3 жерде шайлоо өттү деп таанылды.

Белград Косовонун көз карандысыздыгын таануудан баш тартып келатканы менен этникалык сербдерди жекшемби күнкү өнөктүккө катышууга үндөшкөн. Апрелде Евробиримдиктин арачылыгы менен Приштина жана Белград мамилелерди нормалдаштыруу боюнча келишим түзгөн.

Документ Сербиянын Евробиримдикке кирүүсүнө жол ачмакчы.

XS
SM
MD
LG