Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:04

ИИМ: Баткендеги окуя боюнча тажик чек арачыларынан арыз түшкөн жок


Баткен облусундагы кечээки окуя боюнча тажик чек арачыларынан кыргыз тарапка арыз түшкөн жок. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов билдирди. Анын айтымында, кечээ, 5-ноябрда Баткен районунун Көк-Таш айылында үйлөнүү той өткөн. Тойго кошуна Самаркандек айылынан жаштар барып, эки айылдын балдары мушташа кеткен:

- Самаркандектиктер качып баратып бир жерге жашынып калат. Артынан кууп келаткан көкташтыктар жолдо турганда ал жерге тажик чек арачылары келип калган. Машинанын ичиндеги төрт чек арачы менен кайым айтышуу болгон, бирок сабаган эмес. Азыр абал тынч.

Абдраимовдун билдиргенине караганда, тажик чек арачылары кыргыз милициясына арызданган жок, Чек ара кызматына да расмий билдирүү түшкөн эмес. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG