Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29

Орусия Асад менен оппозициянын сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө даяр


Орусия тынчтык конференциясына даярдык иретинде Сирия президенти Башар Асаддын жана оппозиция өкүлдөрүнүн бейрасмий сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө даяр.

Орус тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богдановдун айтымында, ал жолугушуу сөзсүз эле кайсы бир макулдашууга жетишүүнү көздөбөйт. Бул тууралуу дипломат Женевада Сирия оппозициясынын өкүлдөрү менен кездешкенден кийин билдирди. Богданов ал сүйлөшүүлөр "Женева-2" конференциясын утурлай тиешелүү “атмосфера” түзүүнү көздөөрүн айтып, оппозициянын кээ бир топтору Москвага барууга макул болушканын маалымдады.

Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн тынчтык конференциясын өткөрүү демилгесин Орусия менен АКШ апрелде көтөрүшкөн. Бирок азырынча анын датасы белгилене элек. Сирия оппозициясы ага катышуу боюнча бир пикирге келе элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG