Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:56

Тажикстандагы шайлоо өттү деп жарыяланды


Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү убакыт боюнча түшкү саат 2де шайлоочулардын 68% добуш бергенин кабарлаган. Шайлоо өттү деп таанылышы үчүн шайлоочулардын кеминде 50 проценти катышууга тийиш.

"Азаттыктын" тажик кызматы маалымдагандай, бир эле кишинин бир нече жолу добуш берүүсү өңдүү мыйзам бузууларга жол берилди. Мисалы, Вахдат районунда бир топ аялдар калган үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бюллетен ыргытууга аракеттенишкен. Комиссия мүчөлөрү аларга эч нерсе дешкен эмес.

Өнөктүккө чет өлкөлүк 500дөй байкоочу көз салды.

Азыркы мамлекет башчы Эмомали Рахмон шайлоону жеңет деп күтүлүүдө. Алдын ала жыйынтыктар эртең белгилүү болмокчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG