Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Атамбаев: Кумтөрдү улутташтыруу зыяндуу чечим болот


“Центерра” Кыргызстанга 50% ашык үлүш бербей койсо, анда ишкананы улутташтырууга аргасыз болорун КР мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Би-Би-Сиге курган маегинде билдирген. Анын айтуусунда бул эң эле арга кеткенде ташталуучу кадам, ал Кыргызстан үчүн өтө оор, зыяндуу чечим болот. Президенттин ою боюнча Кумтөрдөн 67% үлүш талап кылабыз деп элди дүрбөткөндөр менен Кыргызстандын үлүшүн кезегинде 16% чейин түшүргөндөрдүн максаты бир эле, аларга элдин да, Кумтөрдүн да кереги жок дейт президент:

- Демек, эгерде “Центерра” Кыргызстанга 50% ашык үлүштү, 67% бербей койсо менимче бербейт, анда биз жанагы улутташтыруу маселесин карашыбыз керек болот. Мен өкмөт башчыга тапшырдым, “Центерранын” 100% үлүшүн алуу боюнча кагаздарды кароону, зыяндарынан кантип чыгабыз, ушуларды карап чыгууну тапшырдым. Албетте зыяны тиет, улутташтыруунун зыяндан башка пайдасы жок. Кумтөрдү ырбатып жаткандардын ою бир. Убагында 67 пайыз үлүштү 16 пайызга түшүргөндөргө Кумтөрдүн да, элдин да кереги жок. Булардын максаты бир эле. Кыргызстанды туруксуздаштырып, өлкөдө бир балээ кылуу.

Өткөн айда Жогорку Кеңеш кыргыз өкмөтү менен “Центерранын” ортосунда Кумтөр алтын кенин 50\50 пайыз үлүш менен иштетүү тууралуу меморандумун четке каккан. Депутаттар алтын кенинде Кыргызстандын үлүшүн 67% көтөрүүнү талап кылып, өкмөткө 23-декабрга чейин мөөнөт берген. “Центерра” болсо пайыздар өзгөрбөй турганын билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG