Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Тажикстанда президенттик шайлоо өттү


Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары бейшембиде чыга баштайт. Алдын ала сурамжылоолор өлкөнү үч мөөнөттөн бери башкарып келе жаткан Эмомали Рахмон өзүнүн алсыз атаандаштарынын ичинен бул жолу да жеңишке оңой эле жетишерин көрсөттү. Оппозициялык бирикмеден көрсөтүлгөн талапкер Ойнихол Бобоназарова шайлоо алдында талап кылынган колду чогултуп бере алган жок деген жүйөө менен президенттикке ат салышууга катыштырылган эмес.

Шаршембиде болгон шайлоого шайлоочулардын 80% катышты деп маалымдалды. “Азаттыктын” кабарчылары айрым жерлерде добуш берүү мыйзам бузуулар менен өткөнүн кабарлашты. Батыш Тажикстандагы президенттик шайлоо акыйкат өттү дегенге ынанган жок. Шайлоого байкоо жүргүзгөн ЕККУ өзүнүн корутундусун бейшембиде жарыялайт. ЕККУ шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканда мамлекеттик маалымат каражаттарын өнөктүктү бир жактуу чагылдырганы үчүн айыптаган эле.

XS
SM
MD
LG