Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:17

Ясыр Арафат уулануудан өлгөнү аныкталды


Ясыр Арафаттын жесиринин шаршембиде Парижде Рейтер агенттигине курган маегинде айтканы боюнча швейцариялык окумуштуулар Арафат радиоактивдүү полонийге ууланып өлтүрүлгөн деп жыйынтык чыгарган. Суха Арафат маркум күйөөсү “саясий өлүмдүн курмандыгы болгонун” айтып, буга илимий далил бар деп билдирди:

- Мен эл аралык эксперт Дэвид Барклей менен сүйлөштүм. Алар мага полоний уусу күйөөмө чайга же кофеге кошулуп берилген болушу мүмкүн экенин айтышты. Мен муну кимдир бирөө жасады деп айта албайм, бирок тилекке каршы анын жанында жүргөндөр кылды да.

Арафаттын өлүмү боюнча маалыматты Лозанна университетинин радиациялык физика институтунун окумуштуулары беришкен.

Өткөн жылы эксперттик топ Ясыр Арафаттын ууланып өлгөнүн текшерүү үчүн сөөгүн эксгумация кылышкан.

Суха Арафат күйөөсүн уулантты деп эч кимди айыптаган жок, ал Палестинди бошотуу уюмунун башында турганда анын душмандары көп болгонун гана айтты. 2004-жылы 75 жашында каза болгон палестин лидеринин өлүмүнүн себебин аныктоого алгач 2012-жылы француз аткаминерлери киришкен. Ясыр Арафаттын өмүрүнө 40 жолу кол салуу болгону айтылып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG