Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:03

Москвада Орусиянын миграция саясаты талкууланат


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, шериктештик өлкөлөр бул үчүн Орусиянын Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановский менен жолугушат. Анда шериктештикке мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү акыркы убактарда орус бийлигинин мигранттарга мамилесинин катаалданышы боюнча пикирлерин айтышмакчы.

Жолугушуу 18-ноябрда болот.

Август айында Матвеевск базарында полициячы сабалгандан кийин орус бийлиги сырттан барган мигранттарга чараларын катаалданткан. Өткөн айда Бирюлево базарында орус жараны киши колдуу болуп өлгөн соң, чаралар ансайын катаалданып, мигранттардын массалык түрдө өлкөдөн чыгарылуусу күчөтүлгөн.

КР Тышкы иштер министрлиги жыл башынан бери Орусиядан чыгарылган кыргызстандык жарандардын саны миңге чукулдаганын билдирди.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG