Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Женевада Иран боюнча сүйлөшүү башталат


Ирандын өзөктүк программасына багытталган кезектеги сүйлөшүү бейшембиде башталат. Ирандын жана алты ири держава: АКШ, Орусия, Франция, Британия, Германия жана Кытайдын өкүлдөрү эки күн бою бул маселени талкуулашат.
Мурдараак Ирандын Тышкы иштер министри Жавад Зариф сүйлөшүүлөр ушул аптада болорун айткан. Ал ошондой эле Иран менен МАГАТЭнин сүйлөшүүлөрү да натыйжалуу болорун кыйыткан эле. Чоң алтылык Ирандан айрым эл аралык санкцияларды алуу үчүн өлкө жетекчилиги өзөктүк программасы тууралуу айрым маалыматтарды ачып берүүсүнө жетишүүгө ниеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG