Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Коммунисттер социалисттик революцияны эскеришти


Октябрь революциясынын жеңген күнүнүн урматына Бишкекте коммунисттер Лениндин эстелигинин алдына чогулушту. Митингге 60-70тин тегерегинде адам катышты. Анда капитализмге, демократияга каршы ойлор айтылып, социализм курууга чакырышты.

Иш-чарага Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев, Коммунисттер партиясынын төрайымы Клара Ажибекова катышты. Бүгүн Коммунисттер партиясы жолбашчысы, партиянын негиздөөчүсү Владимир Лениндин эстелигине гүл коюп, cовет бийлигин түптөө үчүн кан төккөндөрдү эскеришти.

7-ноябрь - Октябрь революциясынын жеңген күнү. Бул күн Кыргызстанда эс алуу күнү деп жарыяланган. Эгемен Кыргызстанда 7-ноябрды Улуу Октябр социалисттик революциясынын күнү катары кайрадан белгилөө тууралуу чечим коммунисттердин сунушу менен 2001-жылы парламентте кабыл алынган.

1990-жылдардын башына чейин бул күндү социалисттик республикалардын баары негизги майрамдардын бири катары белгилеп келген. (КЕ/AKu)

XS
SM
MD
LG