Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Прокуратура депутаттын ыйгарым укуктарын токтотууну өтүндү


Башкы прокуратура Бишкек шаардык кеңешине “Республика” партиясынан шайланган депутат Үмүткан Тыналиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну өтүнгөн кат жөнөттү. Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча, шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоо максатында пара сунуштаганы үчүн өткөн жылдын 1-декабрында Тыналиевага карата кылмыш иши козголгон.

Үмүткан Тыналиева өткөн жылдын 25-ноябрындагы шаардык кеңештин шайлоосунда, добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо үчүн Бишкектеги эки мектептин жана бир бала бакчанын жетекчилерине 90 миң сом пара берген деп айыпталган болчу. Бишкектин Биринчи Май райондук соту шаардык кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты Үмүткан Тыналиеваны 150 миң сом айыпка жыккан.

Соттук териштирүү учурунда шайлоо маалында пара берген деген Тыналиевага коюлган айып далилденген эмес. Анын ордуна "кылмыш жасоого аракет кылган" деген айып боюнча күнөөлүү деп табылган. Бирок райондук соттун мындай чечимине нааразы болгон Үмүткан Тыналиева Бишкек шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот 2-октябрда Биринчи Май райондук соттун чечимин күчүндө калтырган болчу. “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамда депутат ыйгарым укуктарынан ажыратылышы керектиги белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG