Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Жалал-Абадда журналисттерди куттукташууда


Жалал-Абад мамлекеттик университетинде журналистика факультетинин ачылганына 15 жыл толду. Ага жана 7-ноябрь - улуттук басма сөз күнүнө байланыштуу окуу жайдын чоң залында кече өттү. Анда журфактын окутуучулары менен мыкты студенттерине, түрдүү маалымат каражаттарынын облустагы өкүлдөрүнө Ардак грамоталар менен акчалай сыйлыктарды ЖАМУнун ректору Акунжан Абдрашев тапшырды.

Журфактын студенттери чоң программадагы ыр-бий тамашаларын тартуулашты. Мэрияда өткөн жолугушууда Шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев журналисттерди сыйлоо менен ар бир материалды терең изилдеп, калыс чагылдырууга чакырды. (YA)

XS
SM
MD
LG