Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

Женевада Иран боюнча сүйлөшүү башталды


Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы Женевада ачылды. Эки күндүк сүйлөшүүгө Ирандын жана P5+1 тобуна кирген АКШ, Британия, Орусия, Кытай, Франция, Германиянын өкүлдөрү катышууда. Анын алдында Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф эгер тараптар катуу аракеттенсе, Иран менен алты чоң өлкө арасындагы 10 жылдан берки эрегишти токтотчу келишим ушу аптада түзүлүп калышы этимал деди.

Зариф мындай билдирүүнү Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон менен кездешкен соң жасады. Дипломаттардын айтышынча, P5+1 тобу эл аралык санкция бир аз жеңилдетилип, анын ордуна Ирандын ядролук программасында айрым чектөөлөргө баруусун каалайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG