Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

Олимпиада оту-шамала космоско жетти


Олимпиада шамаласын азыр орбитада учуп жүргөн Эл аралык космостук кемеге Орусиянын “Союз” ракетасы жеткирди. Ракета бүгүн 7-ноябрда Казакстандын "Байкоңур" космодромунан учурулду.

Ракета ишемби күнү орбиталдык станция менен чиркешкенден кийин шамаланы аны ачык мейкиндикке орусиялык эки космонавт алып чыгат. Буга чейин Олимпиада шамаласы ачык космоско чыгарылган эмес. Коопсуздук максатында шамала космостук саякат маалында күйгүзүлбөйт. Олимпиадалык шамаланы 1996 жана 2000-жылдагы оюндар алдында космоско АКШнын чөлмөк кемеси алып чыккан. Шамала космостон дүйшөмбү күнү кайтып келип, 65 миң чакырымдык марафонду улантат. Ал шамала 7-февралда Сочиде ачылчу Кышкы Олимпиаданын отун жагат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG