Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Төрөт үйүнөн жоголгон ымыркай табыла элек


Учурда Бишкек шаарындагы Октябрь райондук башкы башкармалык менен өздүк курамы толугу менен ымыркайды издеп жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казыбаев кабарлады. Азырынча ымыркай тууралуу маалыматтар айтыла элек, бирок илинчек бар экени кабарланууда.

6-ноябрда Бишкектеги №4 төрөт үйүнөн ымыркай уурдалган. Бул окуя боюнча Октябрь райондук милициясы кылмыш ишин козгогон. Ымыркай өткөн айда жети айлык болуп туулган. Энеси операция болуп, башка ооруканада болгондуктан аны төрөт үйүндө багып жатышкан. Баланы жаткан жеринен кечээ кечинде таппай калышкан. (KЕ)

XS
SM
MD
LG