Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

Молдо Фазулла ТТПнын жаңы лидери


Пакистан талиптеринин "Тегрик-е-Талибан Пакистан" кыймылы (ТТП) өзүнүн ана башы кылып Молдо Фазулланы шайлады. Ал өткөн жумада АКШнын пилотсуз учагынын чабуулунан өлгөн Хакимулла Мехсуддун ордун ээлейт. Кыймылдын командирлеринин бири Жафар Курасани “Азаттык” радиосуна Молдо Фазулла мурда Сват өрөөнүндөгү талиптердин башчысы болгонун айтты.

Фазулла 16 жаштагы активист кыз Малала Юсуфзайды атканга буйрук бергени мурда маалымдалган. Малаланы былтыр октябрда мектептен келатканда согушчандар башына бир нече жолу атып, анын өмүрүн британ доктурлары сактап калган.

Молдо Фазулланын группасы Сват өрөөнүндө өкүм жүргүзүп турган 2007-2009-жылдары эркектер сакалын өстүрүүгө милдеттендирилген; аялдар жалгыз сыртка чыкпай калган. Шариятты бузду деп айыпталган адамдардын башы алынган же аларга эл алдында палак урулган.

Пакистандык талдоочу Муштак Юсуфзайдын “Азаттыкка” айтымында, Молдо Фазулла "Тегрик-е-Талибандын" лидери болушу Пакистан өкмөтүнүн түйшүгүн көбөйтөт:

- Молдо Фазулланы Сваттан өкмөт кууп чыккан. Анын көптөгөн шериктери өлтүрүлгөн, башкалары камакка алынган. Мындай жагдайда Фазулланын ТТПнын лидери болуп шайланганы Пакистан өкмөтүнүн түйшүгү дагы көбөйөт дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG