Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Өзбек жаранын экстрадициялаганы үчүн Орусия айыппул төлөйт


Европанын адам укугу соту Орусияны өзбек жаранын мекенине экстрадициялаганы үчүн 53 миң доллар айыппулга жыкты. Өзбекстанда экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн айыпталып, куугунтукталган Азаматжон Ермаков 2009-жылы жазында Орусияга качып барган. Ошол эле жылы ноябрь айында өзбек күч органдарынын суроосу менен орус полициясы аны камакка алган. Башында Ермаковду өткөрүп берүүгө макул болбой жаткан орус бийлиги 2012-жылы баары бир аны мекенине экстрадициялап жиберген. Азаматжон Ермаков Өзбекстанга кирери менен камакка алынган.

Европанын адам укугу соту Орусия кыйноолорго каршы беренени бузду жана Ермаковдун эркиндигине жана жеке кол тийбестигине доо кетирди деп тапты.

XS
SM
MD
LG