Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

КСДПнын курултайы башталды


Улуттук филармонияда өтүп жаткан курултайга Кыргызстандын жер-жерлеринен 700 делегат катышып жатат. Башталышында партиянын мурунку лидери, учурда КР президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо катын Орозбек Молдалиев окуп, тааныштырды. Президент катында “Кыргызстан Социал демократиялык партиясы 20 жылдык тарыхында татаал жолду басып өткөнүн, мурунку бийлик тушунда кысымдарга кабылганын, бирок ошентсе да өнүгүү жолунан тайбай келе жатканын” белгилеген.

Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын алгачкы курултайы 1993-жылы күз айларында болгон. Кыргызстандын мамлекет башына эки жолу Социал-демократтар партиясынын мүчөсү шайланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG