Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

Бала бакчаларды көбөйтүү иштери жүрүүдө


Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда бир жаштан сегиз жашка чейин 800 миң бала бар. Ал эми бала бакчалардын саны Кыргызстан эгемендик алгандан кийин төрт эсеге азайган, 1600 бала бакчадан бүгүнкү күнү 400 гана калган. Бул тууралуу КР Билим берүү министринин орун басары Догдургүл Кендирбаева “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын айтуусунда, акыркы он жылдан бери бир аз өсүш бар, бүгүнкү күнү Кыргызстандагы бала бакчалардын саны сегиз жүз он тогуз, анын ичинде жамааттык бала бакчалар да бар. Ошондой эле жетимиштен ашуун жеке менчик бала бакчалар иштейт.

Билим берүү министрлиги тарабынан өткөн жылы мектепке чейинки билим берүү боюнча 240 сааттык программа иштелип чыккан. Кендирбаеванын айтуусунда, 1-класска балдарды тамга таануусуна, окуп-жаза билүүсүнө карап кабыл алуу мыйзамга туура келбейт жана балдардын укугун бузат.

Бүгүн Бишкекте мектепке чейинки билим берүү тармагын реформалоо маселеси талкууга алынды. Анда айтылган маалыматтар боюнча бүгүнкү күнү Кыргызстандагы балдардын 14% гана бала бакчага барат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG