Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:32

Башкаруучу коалициянын иши сынга алынды


8-ноябрда Бишкектеги коомдук саясат институтунда “Башкаруучу коалициянын азыркы абалы жана келечеги” деп аталган тегерек стол болуп өттү. Ага саясий эксперттер, ЖК депутаты, башкаруучу коалициянын курамындагы “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешов катышты.

Мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов парламенттик башкаруу системасы орногон мамлекеттерде өкмөт менен кошо башкаруучу коалиция кайсы бир маселенин жоопкерчилигин кошо көтөрөөрүн айтып, Кыргызстанда андай болбой жатканын кошумчалады. Тегерек столдун дагы бир катышуучусу Аскарбек Мавлянов башкаруучу коалиция өкмөттү көзөмөлдөөдө артка кетенчиктеп атат деген пикирин айтып, учурдагыдай кырдаалдан чыгуунун жолун коалиция сунуштоого тийиштигин белгиледи.

Башкаруучу коалициянын курамындагы “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешов сын-пикирлерге кошуларын айтып, “Кумтөр” алтын кени боюнча меморандумду кароодо коалициянын ичиндеги айрым фракциялар оппозицияга кошулуп кетти, парламенттин трибунасы аркылуу саясий упай топтоого аракет кылды”,- деген пикирин айтты. Депутаттын айтуусунда, башкаруучу коалицияда бирдиктүү платформа жок, ар бир фракция, алардын ичиндеги депутаттык топтордун да кызыкчылыгы ар түрдүү.

Кыргызстанда башкаруучу коалицияга Социал-демократтар фракциясы, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары кирет. "Ырыс алды ынтымак" 5-чакырылыштагы парламентте үчүнчү ирет түзүлгөн башкаруучу коалиция. (KJ/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG