Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:08

Кыргыз жазуучуларынын китептери англисче чыгат


Кыргызстандын Эл жазуучусу Казат Акматовдун "Шахидка" жана "Мунабия" атуу эки чыгармасы жана Рахим Каримовдун "Камила" аттуу романы Британияда англис тилинде жарык көрөт.

Китептердин бет ачары Борбор Азия китеп форумунун алкагында 9-ноябрда Лондондо жана 11-ноябрда Кембрижде болот. Бул тууралуу китептерди чыгарган "Хартфордшир Пресс" басмаканасы маалымдады. Казат Акматовдун "Эрика Клаустун 13 кадамы" китебинин англисчеси июнда Англияда жарык көргөн.

Ошондой эле бүгүн 8-ноябрда "Кыргызстандан 100 тажрыйба" аттуу китептин бет ачары Лондондо болот. Бул тууралуу Британиядагы Кыргыз элчилиги кабарлады. Аты аталган китеп англис тилинде Кыргызстанга сапар тарткан туристтерге чоң көмөк көрсөтүү максаты менен чыгарылды.

Китеп менен бирге Кыргызстандын туристтик потенциалы, көчмөндөрүн жашоосу, асман тиреген тоолору жана Улуу Жибек жолу тууралуу презентация да уюштурулат.

Ник Роуэн жазган китепти Лондондогу Кыргыз элчилиги, Кыргызстан туроператорлор ассоциациясы жана "Хартфордшир Пресс" басмаканасы биргелешип чыгарышты. (BAz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG