Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Женевада Иран боюнча сүйлөшүүлөр өтүүдө


Евробиримдиктин маалымат катчысы Майкл Манн Женевада Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөр өтө интенсивдүү маанайда өтүп жатканын айтты.

"Биз азыр абдан катуу иштеп жатабыз. Өткөн түнү айтылгандай, алгалоо бар", – деген Манн Иран менен Батыштын алты өлкөсүнүн өкүлдөрү ортосундагы сүйлөшүүлөр бир жыйынтык берүүгө жакындап калганын билдирди. Анда Ирандын ядролук программасына каршы киргизилген экономикалык санкцияларды алып салуу маселеси талкууланууда.

Бейшембиде Женева шаарында Иран менен АКШ, Орусия, Британия, Франция жана Германиянын өкүлдөрү Тегерандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштаган.

XS
SM
MD
LG