Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:18

Сирия оппозициясы Стамбулда чогулду


Сирия оппозициясы эл аралык тынчтык сүйлөшүүсүнө баруу же барбоо маселесин чечүү үчүн Стамбулда чогулду. Женевада өтөт деп мерчемделген сүйлөшүү Сирияда эки жылдан бери тутанып жаткан жарандык согушту токтотуу жана Сириянын өткөөл өкмөтүн түзүү максатын көздөйт. Сириянын улуттук коалициясынын мүчөсү Хайзам ал-Малех бүгүн "Ройтерс" агенттигине Стамбулда курган маегинде буларды эскертти:

“Бизде Женевада талкууланчу долбоор жана программа боюнча эч кандай идея жок. "Женева-2деги" маселелер "Женева-1ден" келгени абдан маанилүү. Эгер Асаддын режими "Женева-1ди" турмушка ашырбаса, "Женева-2ге" баргандан пайда жок. Режим адамдарды өлтүргөндү, камакка алганды, өлкөнү өрттөгөндү токтотпосо, биз жыйынга барбайбыз”, - деп эскертти.

Оппозициянын көпчүлүк лидерлери Женевадагы сүйлөшүүгө президент Асаддын өкүлү катышса, алар барбай турганын айтышууда.

9-ноябрда АКШ чабарманы Роберт Форд Сирия оппозициясынын жетекчилери менен кездешип, аларды Женева сүйлөшүүсүнүн күн тартибин колдоп берүүгө көндүргөнгө аракет кылды. Женевада колго салынчу долбоордо Башар Асад бийликте калбай турганы айтылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG