Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

"Хаян" кеминде 100 филиппиндиктин өмүрүн алып кетти


Бул жөнүндө Филиппиндин Жарандык авиация кызматынын орун басар директору, капитан Жон Андрюс билдирди. Анын айтымында, күчтүү тайфун жортуп өткөн ортолуктагы Таклобан Хаян шаарынын көчөлөрүндө адамдардын жансыз денелери жатат.

Кубаттуу толкун бир нече аралда там-жайларды, электр мамыларын кыйратып, карым-катнаш үзүлгөнү кабарланды. Жума күнү деңиз бороонунан катуу жабыркаган Себу аралынын тургуну Лынлын Голфан: “Мен эч качан шамал ушундай кубаттуу болуп, үйүмдү кыйратып кетет деп ойлогон эмесмин. Эми эмне кыларымды билбейм”, – деп айткан.

Тайфун айрыкча Филиппиндин өткөн айдагы күчтүү жер тербетүүдөн жабыркаган ортолук бөлүгүнүн калкына кыйын болот. Анда табигый апааттан 200дөн ашуун адам өлүм, он миңдеген адамдар турак жайсыз калган.

XS
SM
MD
LG