Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Кытай бийлиги өлкө экономикасынын келечегин талкуулоодо


Кытай коммунисттик партиясынын лидерлеринин ишемби күнү Бээжинде ачылган жыйыны төрт күн бою улуттук экономиканы реформалоо маселесин талкуулайт. Отуз жыл жуук ылдам өскөн Кытай экономикасынын таскагы акыркы кезде басаңдай баштады. Буга чейин экономикалык өсүүнү ырааттуу кармоо үчүн утурумдук чаралар кабыл алынса, бул жыйында үргүлжүң ишке ашырылчу чара кабыл алынарын өкмөттүк "Синхуа" агенттиги билдирди.

Расмий басылмалар илимий борборлорго шилтеп, азыр өкмөттүн ээлигиндеги темир жол, энергетика тармагы менчиктештириле турганын кабарлашты. Жыйында айыл чарбага жарамдуу жерлерин реформалоо маселеси да каралат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG