Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Зариф: Женевадагы сүйлөшүүдө мунаса табылган жок


Иран талаштуу ядролук программасы боюнча Женевадагы сүйлөшүүдө дүйнөнүн кубаттуу мамлекеттери менен мунаса тапкан жок. Бул тууралуу Ирандын ИСНА жаңылыктар агенттиги ишемби күнү өлкөнүн тышкы иштер министри Жавад Зарифке шилтеп маалымдады.

“Биз кээ бир суроолор боюнча макулдаштык. Бирок башка суроолор боюнча бир бүтүмгө келе албадык”, - дейт Зариф.

Ишемби күнү АКШ, Кытай, Британия, Орусия, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери Женевада бейшемби күндөн бери жүрүп жаткан сүйлөшүүгө кошулганы аттанышканда тараптар өз ара тил табышат деген божомолдор айтылган. Жавад Зарифтин сөзүнө караганда, бакубат өлкөлөр арасында да ажырым бар жана сүйлөшүү жекшемби күнү уланаары күмөндүү.

XS
SM
MD
LG