Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Сауд Арапстандагы коогалаңда эки киши өлдү


Эр-Риядда чет элдик жумушчулар менен коопсуздук күчтөрү ортосунда ишемби күнү кеч шамда болгон кагылышта бир сауд, аты-жөнү белгисиз бир мигрант өлүп, 68 киши жарадар болду. Бул тууралуу Саудиянын өкмөттүк SPA агенттиги кабарлады. Полиция эр-Рияддын четиндеги жарды Манфуха маалесинде баррикада куруп алган 560тан ашуун тополоңчуну камакка алды. Алар таш атты жана адамдарды бычактап салабыз деп коркутту деп күнөөлөнүүдө. Эр-Рияд полициясынын өкүлү, генерал Насер ал-Кахтанинин билдиришинче, көпчүлүк тополоңчулар өз мекенине күчтөп жөнөтүлчү чет элдиктер экен. Сауд өкмөтү он миңдеген чет элдик жумушчуларга өз макамын ырасмийлештирүү үчүн берилген убакыт бүткөнгө байланыштуу өткөн жумада алардын статусу жокторун өз өлкөсүнө мажбурлап жөнөтө баштаган.

XS
SM
MD
LG