Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

ӨКМ: Мештердин туура эмес курулушунан өрт күчөдү


Сууктун күч алуусу менен Бишкекте жана башка аймактарда жеке менчик үйлөрдө чыккан өрттөн үйлөрдүн чатырлары өрттөнүп кетүүдө. Буга от жакчу меш, моруларды курууда тиешелүү эрежелер сакталбаганы себеп деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, ушундай себептер менен Бишкектин Ак-Өргөө жаңы конушунда, Суусамыр көчөсүндөгү үйлөрдүн чатырлары устундары менен кошо өрттөнүп кеткен. Ушундай эле көрүнүш Чүй облусунун Аламүдүн районунда, Сокулук районунда катталган. Үйгө жылытуучу мешти курууда талап кылынган технология менен курулбагандыктан Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад облустарында да үйлөрдүн чатырлары өрттөнгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG