Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Ысык-Атада жоголгон баланы издөө уланып жатат


Алты жаштагы Нурсултан Медербековду издөө иштерин милиция, ӨКМ куткаруучулары жүргүзүп жатышат, аларга жергиликтүү эл жана ыктыярчылар көмөктөшүүдө. Ал эми Нурсултан менен кошо жоголгон Ырыскелди Шаботоевдин жансыз денеси өткөн аптада Чоң Чүй каналынан табылган болчу. Алгачкы маалыматтар боюнча, бала сууга кулап кетип, набыт болгон, денесинде зордук-зомбулуктун белгилери жок. Бирок так аныктаманы соттук-медициналык экспертиза аныктайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Балдар укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди. Аталган коомдук уюм маркум Ырыскелдинин ата-энесине укуктук жактан жардам берүүдө.

12 жаштагы Ырыскелди Шаботоев менен 6 жаштагы Нурсултан Медербеков 3-ноябрда Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылында жоголуп кетишкен. Милиция балдар каналдын үстүндөгү түтүктөн өтүп жатканда сууга түшүп кеткен болушу мүмкүн деп божомолдоодо. (ZKo)

XS
SM
MD
LG