Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:01

МАГАТЭнин башчысы Тегеранга барат


МАГАТЭнин жетекчиси Йукия Амано Тегеранга Ирандын өзөктүк куралын иликтөөлөрдү жылдыруу максатында бармакчы. Йукия Амано өз сөзүндө:

- Менин сапарым биз жасап жаткан иштерде конкреттүү натыйжаларга апкелет деп үмүттөнөм. Ошондой эле Ирандын өзөктүк программасы тынчтык максатта гана экенин кепилдөөчү жана башка чечилбеген маселелерди чечүүдө алдыга жылабыз деп ишенем.

Вашингтон болсо Иран сүйлөшүүлөрү боюнча Израилдин сынына макул эмес. Эн-Би-Си телеканалына курган маегинде АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри “биздин көзүбүз жакшы көрөт жана мээбиз жакшы иштейт деп эсептейм” деп айтты. Мурдараак Израилдин премьер-министр Беньямин Нетаньяху Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча даярдалып жаткан келишимди сындап чыккан. Ал ошондой эле келишимге жетишүүгө шашпоону эскерткен.
Ирандын өзөктүк программасын чектөө жана ага карата эл аралык санкцияларды жеңилдетүү боюнча АКШ баштаган чоң алтылык менен Ирандын сүйлөшүүлөрү натыйжасыз аяктады, бирок тараптар эми 20-ноябрда чогулушат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG