Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

Электр энергиясынын акысы акырындык менен көтөрүлөт


Бул тууралуу кыргыз өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Улуттук телеканалдагы “Өкмөттүк саат” берүүсүндө билдирди:

-Тарифтерди өзгөртүүдө сөзсүз түрдө ар бир аймактарда карапайым эл менен жолугуп, тегерек столдорду өткөрүп, социалдык колдоого муктаж болгон элди эске алуу менен тарифтерди караштырып чыгабыз. Жарандар үчүн башка, электр энергиясын пайда табуу үчүн иштетип жаткан ишканалар үчүн башка, ал эми үйдү жылытуу үчүн башка тарифтерге келишибиз мүмкүн.

Жантөрө Сатыбалдиев энергетиканын баасын көтөрүү экономикалык гана эмес, саясий-социалдык маселе болгондуктан, аяр мамиле жасоону талап кыларын, бул маселеде Данияр Үсөнов жетектеген өкмөттүн катачылыгын кайталабоого аракеттенишерин билдирди.

Өкмөт башчы энергетиканын тарифи жаз айларында, жылуулук маалы бүткөндөн кийин көтөрүлүүсү ыктымалдыгын буга чейин да билдирген.

Бүгүнкү күнү 1 кВт. саат электр энергиясынын баасы 72 тыйын.(ZKo)

XS
SM
MD
LG