Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Акыйкатчы Саруу боюнча коомчулукка кайрылды


Көлдүн Саруу айылынын тургундары өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында акыйкатчы Бакытбек Аманбаев билдирди. Ал өткөн аптада Сарууга барып келгенин, ал жакта эл 7-октябрдагы окуядан кийин блок-постторду коюп, чоочундарды киргизбей, кооптонуу менен жашап жатканын кошумчалады. Өкмөт башчыга, коомчулукка кайрылып, саруулуктардын коопсуздугун камсыз кылууну, алар коюп жаткан талап боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү талап кылды.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Бакытбек Жусубалиевдин "Азаттыкка" айтымында, саруулуктардын кооптонуусуна негиз жок, айылда абал тынч.

Быйыл 7-октябрда Караколдо Кумтөргө байланыштуу чогулган митинг башаламандык, бийлик өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу менен коштолгону үчүн кылмыш иш козголгон. Ошол күнү кармалган 8 киши учурда УКМКнын тергөө абагында жатат. Караколдогу окуядан кийин нааразылык акциялары Жети-Өгүздүн Саруу айылында уланган. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG