Катуу тайфундан жабыркаган Филиппинге жардам жөнөтүлүп жатат. Маалыматтарга караганда, жаратылыш кырсыгынан 10 миңден көп киши каза тапкан болушу мүмкүн. БУУ билдиргенине караганда, "Хайян" тайфунунан 9 жарым миллиондой киши жабыркады. АКШ, Европа өлкөлөрү, Австралия жана Еврошаркет азык-түлүк, жууркан-төшөк, чатырларды жөнөттү. АКШнын Коргоо министрлиги 90 чакты аскер менен кошо куткаруу операциясын жүргүзүү үчүн бир учак жиберди.
Бул аймакта тарыхта болуп көрбөгөн катуу шамал түштүк-чыгыш Азияга жума күнү жеткен. Океан толкундары 6 метрге чейин көтөрүлүп, бир топ турак-жайлар суу астында калды.
Бул аймакта тарыхта болуп көрбөгөн катуу шамал түштүк-чыгыш Азияга жума күнү жеткен. Океан толкундары 6 метрге чейин көтөрүлүп, бир топ турак-жайлар суу астында калды.