Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

"Гринпистин" активисттери Мурмансктан башка жерге которулду


Мурманск портунда кармалып аткан “Гринпистин” активисттери белгисиз жерге которулду. Бул тууралуу уюмдун өкүлдөрү билдиришти. Болжол менен аларды поезд менен алып кетишкен. “Гринпистин” билдирүүсүндө айтылгандай, адвокаттар кармалгандар менен жолугушайын дегенде, алардын башка жерге алынып кеткени кабарланган. Варианттардын бири катары Санкт-Петербург шаары аталууда.

18-сентябрда экологдор Арктикада мунайдын өндүрүлүшүнө каршы акция өткөрүп жаткан кезде алардын кемеси орусиялык чек арачылар тарабынан кармалган. Кемедеги активисттер менен 2 журналистке адегенде "деңиздеги каракчылык", кийин "бейбаштык" деген айып тагылган.

XS
SM
MD
LG