Атомдук энергетика боюнча Эл аралык агенттик жана Иран атомдук программага байланышкан маселелерди чечүүдө кызматташуу тууралуу макулдашышты. Документке ылайык, мекеменин инспекторлору Арак ядролук реактору жана Гачиндеги уран кенине бара алышат. Атомдук энергетика боюнча агенттиктин башчысы Юкио Аманонун айтымында, келишимдин “практикалык чаралары” бүгүнтөн тарта 3 ай бою ишке ашырылмакчы.
Өткөн жумада Женевада Тегеран жана дүйнөлүк 6 держава 3 күндүк сүйлөшүү өткөрүшкөн. Батыш Иран ядролук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп шектенүүдө. Тегеран бийлиги дооматтарды четке кагууда. Сүйлөшүүлөр 20-ноябрда уланмакчы.