Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Орусия менен Казакстан келишимге кол коюшту


Орусия жана Казакстан президенттери Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаев стратегиялык кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшту. Екатеринбургда региондор аралык жылдык жыйынга катышкан мамлекет башчылар эки тараптуу мамилелерди талкуулашты. "Роснефть", "Казмунайгаз" жана "Казтрансойл" компанияларынын расмий өкүлдөрү Казакстан куурлары аркылуу Кытайга мунай жеткирүү тууралуу макулдашты. Ошондой эле Орусия менен Казакстандын чек арасындагы "Имашевский" кенин иштетүү жөнүндө келишимге кол коюлду. 2012-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүү көлөмү 22,4 миллиард долларга жетти.

XS
SM
MD
LG