Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:51

Казакстанга кирүү эрежеси өзгөрдү


11-ноябрдан тарта жашы 16га толо электер үчүн Казакстандын чек арасынан өтүү эрежелери катаалданды. Эми жашы жете элек балдар Казакстанга кирүү үчүн чек арачыларга туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө мамлекеттин жарандыгын тастыктаган кагазды кошо көрсөтүүгө тийиш. КР Чек ара кызматынан “Азаттыкка” билдиришкени боюнча, жашы жетелектер жарандыгы тууралуу тастыктаманы Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынан ала алышат.

Маалыматка ылайык, Казакстандын бул талабы 2012-жылдын 11-майында кабыл алынган кыргыз-казак өкмөттөр аралык келишимдин негизинде коюлууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG