Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

Пенсияны көбөйтүү тууралуу мыйзамга кол коюлду


Президент кол койгон мыйзамга ылайык, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» жана «Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө» мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр 2013-жылдын 1-октябрынан тартып, эмгек акыны чектөө деңгээлин 5000 сомдон 8000 сомго чейин көбөйтүүнү аныктайт. Ал эми пенсиянын орточо көлөмү 4554 сомду түзөт, бул пенсиянын базалык бөлүгү 458,5 сомго же 111,2% көбөйдү дегенди түшүндүрөт. Мындай өлчөмдөгү айлык акы жана пенсиялар мыйзам күчүнө кирген күндөн тагыраак айтканда, 2013-жылдын 1-октябрынан тартып бериле баштайт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG