Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:26

Жалал-Абадда жоголгон балдар табылды


Сузак районундагы Сузак айылында жашаган он төрт жаштагы Дилшат кызы Зулхумар менен анын он бир жаштагы иниси Дилшат уулу Ахмадулла 9-ноябрда Оштон табылды. Алар 5-ноябрда “электр тогу менен ойнобогула” деген энесинин какыс-кукусуна теригип, үйүнөн 500 доллар акча алуу менен үйүнөн 6-ноябрда белгисиз жакка чыгып кетишкен. Энеси жумуштан кечинде келгенде алардын “Биз Бишкекке кеттик” деп жазып калтырган катын табат. Бирок балдар Ошко барып, атасынын туугандарын такси менен үч күн издеген. Акырында таксист аларды мейманканага жеткирип койгон. Апасы Феруза Халматова Сузак райондук жана Ош шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен 9-ноябрда издеп жүргөндө балдар такси менен атасынын туугандарынын үйүнө келип калган. Бул тууралуу "Азаттыкка" балдардын энеси Феруза Халматова бүгүн, 12-ноябрда билдирди. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG