Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:07

Аскердик реформа талкууланууда


Бүгүн Бишкекте коргоо жана коопсуздук жаатында жүргүзүлүп жаткан реформаны талкууга алган эл аралык конференция өтүп жатат. Кыргызстандын Коргоо кеңешинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, анда өлкөдө жүрүп жаткан аскердик реформа, анын алгачкы жыйынтыктары, келечеги тууралуу сөз болууда. Жыйынга Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен катар эл аралык эксперттер да катышып жатат. Куралдуу күчтөрдүн үстүнөн демократиялык көзөмөл боюнча Женева борборунун илимий кызматкерлери эл аралык тажрыйба тууралуу маалымат берүүдө. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG