Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Бишкекте Айтматовго арналган көргөзмө өтүүдө


Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде Чынгыз Айтматовго арналган көргөзмө өтүүдө. Ага Лидия Ильина, Тургунбай Садыков, Аркадий Осташев, Белек Жумабаев, Владимир Буторин, Рифкат Бухарметов жана башка белгилүү сүрөтчү, скульпторлордун чыгармалары коюлган. Көргөзмөнү шартуу түрдө экиге бөлүп караса болот. Биринчиси - жазуучунун чыгармачылыгын түздөн-түз чагылдырган иллюстрация, сценография, сүрөттөр. Ал эми экинчиси - Айтматовдун философиясын, көз-карашын, чыгармачыл кредосун кыйыр түрдө сүрөттөп өткөн эмгектер. Көргөзмө 20-ноябрга чейин өтөт. Жыйынтыгында Сүрөтчүлөр кошуунунун лауреаттары аныкталат. Кыргызды “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытаар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө тааныткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов тирүү болгондо быйыл декабрда 85ке чыкмак. (RK)

XS
SM
MD
LG