Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

Билим берүү жөнүндөгү мыйзам өзгөрдү


Кыргызстандын билим берүү жөнүндөгү мыйзамына өзгөрүү кирди. Президент кол койгон жаңы мыйзамга ылайык, дистанттык окутуу деген аныктамага тактоо киргизилди. Мындан ары дистанттык билим берүү деген түшүнүк окутуунун формасы катары эмес, окутуу технологиясы деп кабыл алынуусу керек. Билим жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Абдыманап Жолдошевдин "Азаттыкка" айтымында, соңку мезгилде дистанттык дегенди окууга такыр келбей коюу деп түшүнгөндөр көп болууда, ошондуктан жаңы мыйзам бул аныктамага тактоо киргизүү максатында кабыл алынды:

- Дистанттык десе эле таптакыр келбей коюу эмес. Мыйзамда жазылгандай бир жылда 40 календарлык күн окуу жайга келиши керек. Кээ бир сабактар боюнча гана дистанттык технология боюнча окуп, калганын мугалимдерден келип консультация алып, тапшырууга мүмкүнчүлүк алат.

Абдыманап Жолдошевдин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 52 жогорку окуу жайы бар. Алардын 31и мамлекеттик. Студенттердин жалпы саны 230 миңдин тегерегинде. Сырттан окуу бөлүмүндө окугандардын саны соңку жылдары 2-3 эсе азайды. Буга мамлекет тарабынан коюлуп жаткан талаптын күчөгөнү себеп болду. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG