Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:44

Жабыркагандарга тийген үйдү менчикке чыгаруу талабы коюлууда


Жалал-Абадда 2010-жылдын июн окуясында жабыркагандарга мамлекеттен тийген үйлөрдүн экөөнү менчикке чыгарып берүү талабы коюлууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" жабыркагандар Нурбай Орозов жана Бактыгүл Алиева билдирди. Буга чейин июн окуясында мерт кеткендердин туугандары менен жараат алгандар жана үй-мүлкүнөн ажырагандар Жалал-Абад шаардык, облустук бийликке, өкмөткө кайрылуу жиберген. Анда Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция курган 120 батирлүү эки үйдү менчиктештирип берүү талабы коюлган. Кайрылуу ээлери талабы аткарылбаса Ак үй алдына дейре барып, мөөнөтсүз ачкачылык акциясын баштаарын айтууда. Кайрылууга 60 адам кол койгон. Жалал-Абад шаардык кеңеши алардын маселеси келерки сессиянын күн тартибине коюлаарын билдирген. Кызмат сапарында жүргөн Жалал-Абад облус жана Жалал-Абад шаар башчылары менен орун басарларын ушул саатка карата иш орундарынан табууга мүмкүн болбоду.(YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG