Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Тайфундан жабыркаган Филиппинге ондогон өлкөлөр гумжардам жиберүүдө


БУУ азыр өлгөндөрдүн тезирээк көмбөсө, түрдүү оорулардын жайылуу коркунучу жогору экенин билдирди.
БУУ азыр өлгөндөрдүн тезирээк көмбөсө, түрдүү оорулардын жайылуу коркунучу жогору экенин билдирди.
АКШ 80 учак, 5 миң аскери бар учак ташыгыч “Жорж Вашингтон” кемесин жана 20 млн. доллар жиберди. Кеме аймактагы дагы беш кеме менен бирге гумжардам жеткирип, элди куткаруу иштерине катышат. Филиппинге Британия да өзүнүн “Дарлиң” деген аскерий кемесин жөнөткөн. Дагы бир топ мамлекеттер ондогон миллион доллар жардам жиберүү пландарын айтышты.

Өткөн дем алыш күндөрү Филиппиндин борбордук бөлүгүн каптаган тайфундан 10 миңден ашуун киши өлгөн болушу мүмкүн. Бириккен улуттар уюмунун гуманитардык жардам бөлүштүрүү ишин жетектеген Жон Гиң: "660 миңдей адам башка жакка көчүүгө аргасыз болду жана азыр биз бүт аракетибизди тезинен ири көлөмдө жардам жеткиргенге бурушубуз керек", - деди.

Анын айтымында, азыр эң оболу түрдүү жугуштуу оорулардын жайылуусун алдын алып, миңдеген адамды тезирээк көмүү иштерин күчөтүш керек.

XS
SM
MD
LG