Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:26

Атамбаев: Коррупцияга каршы күрөш басаңдап кетти


Кыргызстанда коррупцияга каршы башталган күрөш жакшы уланбай жатат. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкта айтылат. Мамлекет башчы "Бийликтеги саясый жана системалык коррупциянын себептерин жоюу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Анда айтылгандай, быйыл тогуз айда түрдүү мыйзам бузуулардын айынан кетирилген чыгымдын 621 миллион сому мамлекетке кайра кайтарылган. Бул былтыркыга караганда дээрлик 2,5% көп. "Бирок коррупцияга каршы күрөштөгү алгачкы жылыштар жакшы уланып кете алган жок" деп айтылат президенттин жарлыгында. Айрыкча бул көрүнүш сот, күч түзүмдөрүндө, каржы, каттоо, энергетика жана билим берүү тармактарында көп болууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG