Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Кыргыз балбаны Нью-Йоркто баш байге алды


Америка Кошмо Штаттары күрөш өнүккөн сегиз өлкөнүн тандалган балбандарын Нью-Йоркто чогултуп эл аралык турнир уюштурду. Бүгүн, 12-ноябрда эркин күрөш боюнча 55 килограмм салмакта кыргыз балбаны Самат Надырбек уулу баардык атаандаштарын жеңип, баш байгенин ээси болду. Ал финалда орусиялык Омак Сюрюнду 12:6 эсебинде утуп, алтын медал тагынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын вице-президенти Жеңиш Дөңбаев маалымдап, сүйүнчүлөдү. (КМа)

XS
SM
MD
LG