Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Казакстанда камакта жаткан тогуз кыргызстандык бошотулду


Казакстанда камакта жаткан тогуз кыргызстандык бошотулду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Аталган кызматтын өкүлү Сажира Чоколоеванын айтымында, аларды кыргыз тарап Алматы облустук сотунун чечими чыккандан кийин "Ак-Жол" чек ара бекетинен кабыл алып, өткөрүп алды:

- 9-ноябрда кабыл алдык. Тогуз адамдын бешөө ар бири административдик жазага тартылып, 100 миң сомдон айыппул төлөп чыкты. Үчөө бир жылга, бирөө эки жылга шарттуу түрдө кесилди.

Быйыл жайында казак күч органдары көлдүк 11 малчыны "чек арадан мыйзамсыз өтүп кетти" деген айып менен камап койгон болчу. Кийин алардын экөө 16 жашка чыга электигине байланыштуу коё берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG